• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаарында кыргыз-беларусь бизнес-форумунда 10дон ашык келишимге кол коюлду

Коом 0

Бишкек, 15.09.22./Кабар/. Кыргызстан менен Беларустун соода-экономикалык мамилелерин жогорку деңгээлге көтөрүүдө кыргыз-беларусь бизнес форумунун жүрүшүндө 10дон ашык келишимдерге кол коюлду. Бул тууралуу Улуттук инвестициялык агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-сентябрда Ош шаарында КР президентине караштуу Улуттук инвестиция агенттиги тарабынан уюштурулган бизнес-форумдун ачылышы болду.

"Форум соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-беларусь комиссиясынын 10-отурумунун алкагында өтүүдө. Кыргызстандын делегациясын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Беларус тарапты вице-премьер-министр Анатолий Сивак жетектеди.

Улуттук инвестициялык агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов катышуучуларга инвестициялык климат жана эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү үчүн жагымдуу шарттар тууралуу маалымат берди.

Форумга кыргыз тараптан "Кыргызиндустрия" ААК, "Альянс Алтын" ЖЧК, Таластагы Жерүй алтын кени, "Жер Азыгы" Кыргызстан агробизнесмендер ассоциациясы, Холдинг Композит Групп, "Автомаш Радиатор" ЖЧК, "Маткасымов" сыяктуу алдыңкы компаниялар катышты, банк, медицина, курулуш, тигүү жана башка тармактардын өкүлдөрү да кызыкчылыгын билдиришти.

Беларустан машина куруунун негизги тармактары: "МАЗ" ААК, "Гомсельмаш" ААК, Минск мотор заводу, "Минск трактор заводу" ААК, "Бобруйскагромаш" ААК, "Могилевлифтмаш" ААК, медицина, тамак-аш өнөр жайы жана башка тармактардын өкүлдөрү катышты.

Панелдик талкуудан кийин катышуучуларга соода мамилелерин кеңейтүү жана инвестициялык кызматташтыкты активдештирүү үчүн B2B форматында баарлашуу мүмкүнчүлүгү берилди.

Бизнес-форумдун жыйынтыгында 900 миң доллардан ашык суммага 10дон ашуун келишимдерге кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий