• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош шаарында Кыргызстанда жашаган элдердин фестивалы өттү

Аймак 0

Бишкек, 02.12.22. /Кабар/. Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек университетинин базасында Кыргызстанда жашаган элдердин фестивалы болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Фестивалга Ош шаарынын мэриясынын, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын өкүлдөрү, Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын жана колледждердин, музыкалык жана көркөм окуу жайлардын эмгек жамааттары катышты.

Фестиваль окуу жайлардын студенттерин көркөм чыгармачылык менен тааныштыруу, улуттар аралык байланышты бекемдөө максатында өткөрүлдү.

Катышуучулар Кыргызстанда жашаган элдердин бийлерин, ырларын, музыкалык чыгармаларын аткарышты.

Пикир

Оставить комментарий