• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында мамлекеттик экотехинспекция кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 22.02.18. /Кабар/. Бүгүн, 22-февралда Ош шаарында экотехинспекция кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленип, сыйлоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Шакир Зулимов, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Бактыбек Каналиев, КРнын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясынын Ош шаардык регионалдык башкармалыгынын башчысы Медетбек Маметов, мамлекеттик экотехинспекция кызматкерлери катышты.

Ош шаарынын вице-мэри Шакир Зулимов жумуштун көлөмүнө жана татаалдыгына карабастан, шаардын кооздугун, көркөмдүүлүгүн артыруу жана жандуу жаратылышты коргоо жаатында экотехинспекция кызматкерлеринин эмгеги чоң экендигин айтып, көзөмөл органынын аброюн көтөрүүгө салым кошуп жатканынын белгиледи.

Жыйындын алкагында Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон барандуу салымы, экологиялык, техникалык жана эмгек коопсуздугу жаатында жигердүү, ак ниет эмгеги үчүн КРнын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясынын Ош шаардык регионалдык башкармалыгынын бир нече кызматкерлерине Ош шаарынын мэриясынын жана шаардык кеңешинин ардак грамотасы жана акчалай сыйлыгы менен тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий