• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында Мамлекеттик тил күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 23.09.22. /Кабар/. Ош шаарында 23-сентябрь - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү белгиленди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага вице-мэр Венера Рыскулова, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Кушбак Шаиев, билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын башталышында Баткен окуясында каза тапкандар бир мүнөт эскерилди.

Андан соң В.Рыскулова чогулгандарды Мамлекеттик тилдин кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгы менен куттуктап, кыргыз тилинде сүйлөп, кийинки муунга үлгү болууга чакырды.

Аны менен катар мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө салым кошкон жогорку окуу жайлардын окутуучулары, мектеп мугалимдери Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.

Ошондой эле жарыяланган бир айлыктын алкагындагы сынактардын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды.

Эскерте кетсек, буга чейин кыргыз тилин даңазалоо жана жайылтуу максатында сабаттуу жазуу боюнча муниципалдык кызматкерлер арасында, акын-жазуучулар арасында да бир топ сынактар өткөрүлгөн эле.

Пикир

Оставить комментарий