• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ош шаарында мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө салым кошкондор сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 22.09.20. /Кабар/. Бүгүн, 22-сентябрь күнү Ош шаарынын мэриясында 23-сентябрь - Мамлкеттик тил күнүнө карата сыйлоо аземи болуп өттү. Ага Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов, жогорку жана орто окуу жайларынын, мектеп жана балдар бакчаларынын мугалимдери, мекеме-ишканаларынын кызматкерлери катышты.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, вице-мэр мамлекеттик тилде балдарга тарбия берип, эне тилди, туулган жерди сүйүүгө балдарды тарбиялап, мамлекеттин өнүгүп-өсүшүнө салым кошуп жаткан ар бир мугалимге ыраазычылыгын билдирип, жалпы кыргызстандыктарды майрамы менен куттуктады.

Аземдин жүрүшүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон бараандуу салымы, ак-ниет эмгеги жана Ош шаарынын коомдук-саясий турмушуна активдүү катышкандыгы үчүн 23-сентябрь - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата бир катар кыргыз тил мугалимдери жана мекеме ишканаларда мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салым кошкон кызматкерлер Ош шаарынын мэриясынын ардак грамотасы менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий