• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарында машыктыруучулар жана спорттун ардагерлери сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 17.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 17-сентябрда Ош шаарында 500гө жакын спортчулардын катышуусунда сыйлоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сыйлоо аземине Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлообек Атазов, Айбек Осмонов, “Токио-2020” олимпиадасынын грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалынын ээси Акжол Махмудов, спорттун ардагерлери, машыктыруучулар жана спортчулар катышты.

Шаар башчысы Алмаз Мамбетов Ош шаарындагы спортчулардын ийгилигин белгилеп, келечекте колдоо мындан ары да жогорулайт деп билдирди.

“Президентибиз “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгына ылайык шаарыбызда ден соолукту, спортту чындоо макстында бир топ иштер аткарылып жатат. Жалпысынан алганда үстүбүздөгү жылдын 8 ай аралыгында Ош шаарынын спортчулары 66 алтын, 57 күмүш, 72 коло медалдарга ээ болушту. Шаардык деңгээлде 42 иш-чара уюштурулуп, анын ичинен спорттун самбо, ордо, алыш, күрөш, бокс түрүнөн Кыргыз Республикасынын чемпионаттары жана тогуз коргоол, регби оюндары боюнча эл аралык турнирлер өткөрүлдү”, - деди А.Мамбетов.

Жыйындын алкагында КР Жогорку Кеңешинин ардак громатасы менен машыктыруучулар, Ош шаарынын мэриясынын акчалай сыйлыктары жана баалуу белектери менен спорттун ардагерлери сыйланды.

Бүгүнкү күндө Ош шаарында дене тарбия жана спорт комитетинин жамаатында 165 кызматкер, алардын ичинен 7си Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, 23 дене тарбия жана спорттун отличниги жана 9 Эл аралык даражадагы калыс наамдарындагы кызматкерлер эмгектенип жатат. Комитет алдындагы 5 спорттук мектептерде спорттун 21 түрү боюнча машыгуулар уюшулуп, 9 миңге жакын өспүрүмдөр, студенттер машыгууда.

Жыйындын жүрүшүндө спортчулар жана машыктыруучулар тарабынан шаар башчысына жана ЖК депутаттарына суроолор узатылып, жеринен жооптор айтылды.

Пикир

Оставить комментарий