• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында массалык ишембилик өттү

Аймак 0

Бишкек, 17.09.18. /Кабар/. Бүткүл дүйнөлүк тазалык жана Ош шаарынын күнүнө карата массалык ишембилик болуп өттү.

Ага мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, шаар тургундары, жаштар, студенттер активдүү катышты.

Бир кылым тарыхы бар Т.Сатылганов эс алуу жайын Ош шаарынын мэриясынын аппараты, шаардык кеңештин аппараты, муниципалдык мекеме-ишканалардын , “Ош шамы” гезитинин эмгек жамааттары тазалап, жалпы 500гө жакын катышуучу болуп, ишембиликке активдүү катышты. Мындан тышкары, ар бир ишкана өздөрүнүн айланасында ишембилик өткөрдү.

Ал эми Ош шаарында жайгашкан жогорку жана орто окуу жайлар Ак-Буура дарыясынын жээгин тазалап, окуу жайларынын айланасына кам көрүштү. Ага улай жалпы 200гө жакын дене тарбия жана спорт комитетинин кызматкерлери, спортчулар, машыктыруучулар Сулайман-Тоонун тазалыгына салым кошушту.

Пикир

Оставить комментарий