• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарында мечит-медреселерде ишембилик өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 15.03.21. /Кабар/. Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу жалпы мечиттерде ишембиликтер өткөрүлүп, мечит жана мечиттин айланасын тазалоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаардагы диний окуу жайлардын студенттери да ишембилик иштерине активдүү катышууда.

Жаз келгендигине байланыштуу, айлана-чөйрөнү тазалоо иштери боюнча Ош шаардык мусулмандар казыяты тарабынан жалпы мечиттерге ишембилик өткөрүү тапшырмасы берилген.

Айта кетсек, Ош шаарында өткөрүлгөн ишембилик иштерине дин кызматкерлери активдүү катышып келет.

Пикир

Оставить комментарий