• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаарында мечиттер дезинфекцияланды

Аймак 0

Бишкек, 04.06.20. /Кабар/. Өлкө аймагына коронавирустун жайылып кетүү коркунучун алдын алуу максатында Ош шаарынын аймагы үзгүлтүксүз залалсыздандырылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 3-июнь күнү КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан шаарда жайгашкан 5 касапкана, 18 дүкөн, 22 дарыкана, 16 сулуулук салон, 1 медресе, 3 мечит, 5 автоунаа оңдоочу жай, көп кабаттуу үйлөрдүн подъезддери, балдар ойноочу аянтчалар жана башка эл көп барган коомдук жайлар дезинфекцияланды.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери республиканын бардык аймагында уланууда.

Пикир

Оставить комментарий