• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында мечиттер мамлекеттик каттоодон өткөрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 14.01.21. /Кабар/. Кечээ, 13-январь күнү Ош борбордук «Имам аль-Бухари Алай» мечитинде Ош шаардык мусулмандар казыятынын кызматкерлери, ДИМК ТАБ өкүлдөрү жана укук коргоо органдары менен биргеликте жыйын өткөрүп, мечиттерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү иштерин талкууга алышты. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында Ош шаарындагы 80 мечиттин баары мамлекеттик каттоодон өткөн. Ишкана, мекеме же болбосо, жекече объектилерде жайгашкан 8 намазкананы да, мечит катары каттоодон өткөрүү боюнча сөз болду.

«Шаардагы жалпы мечиттер мамлекеттик каттоодон өткөн. Ар кандай объектилерде жайгашкан 8 намазкананы да, мечит катары каттоодон өткөргөн болсок, Ош шаардык мусулмандар казыятынын ишмердүүлүгү башкалар үчүн үлгү болот», — деди ДИМК ТАБнын жетекчиси Исакбай Мурзабеков.

Пикир

Оставить комментарий