• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош шаарында мектеп окуучуларына жол кире 1 сомдон 5 сомго жогорулады

Аймак 0

Бишкек. 14.05.19 /Кабар/. Ош шаарында мектеп окуучуларына жол кире 1 сомдон 5 сомго жогорулады. Жол кирени көтөрүү сунушу буга чейин бир канча жолу сунушталып, бүгүнкү сессияда депутаттар тарабынан колдоо тапты.

Жол акысын 5 сомго көтөрүүгө сессияга катышкан 34 депутаттын ичинен 23 эл өкүлү макулдук берди. Ошентип, мектеп окуучулар мындан ары коомдук транспортко 5 сомдон төлөй турган болду, – деп кабарлады "Ынтымак" телеканалы.

Ал эми шаардык мэрияга караган троллейбус жана автобустарда жол акы 1 сом боюнча калат.

Бирок, 2020-жылдын 1-январынан тартып аларда жүрүү окуучулар үчүн 3 сомго көтөрүлөт.

Калаада окуучуларга жол акыны жогорулатуу маселеси айдоочулардын нааразычылыгынан улам келип чыккан эле. Алар чыгымы акталбай жаткандыгын айтып келишкен.

Пикир

Оставить комментарий