• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош шаарында мэрдин Жаңы жылдык балатысына 600гө жакын бала катышты

Аймак 0

Бишкек, 26.12.19. /Кабар/. Бүгүн, 26-декабрда Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында “Алтын балаты-2020” аталышында мэрдин балаты майрамы өттү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан кабарлашты.

Мэрдин балатысына чакырылган 600гө жакын балага белектер тапшырылды.

Иш-чарага мектептин алдыңкы окуучулары, балдар үйлөрүнөн, аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдары, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана ата-энелер келишти.

Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө жомок каармандары ыр ырдап, хореографиялык топтор түрдүү бий бийлеп, балдарга майрамдык маанай тартуулады. Аяз ата, аяз кыз токой жаныбарлары менен биргеликте балдарга оюн-зоок программаларын көрсөтүштү.

Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов балдарды куттуктап, ата-энелерди балдарга өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий