• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаарында милиция кызматкерлеринин жубайларына медаль тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 10.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 10-майда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги жана ИИМдин Ардагерлер кеӊеши милиция кызматкерлеринин жубайларын «Офицердин жубайы» медалы менен сыйлады. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, медалдар милиция кызматында 20 жылдан ашуун үзүрлүү кызмат өтөп келе жаткан милиция кызматкерлеринин жубайларына тапшырылды.

Бүгүн өздүк курамдын алдында бул сыйлыкты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Акылбек Мамасейитов милиция кызматкерлеринин жубайлары Гүлзина Адиевага, Зыягул Нуржановага тапшырып жатып, аларды май майрамдары менен куттуктады. Ошондой эле ал медалдын келип чыгуу тарыхына токтолду.

«Бул медалга өмүрлүк жолдошунун оор, татаал кызматында жөлөк болуп, чыныгы жубайлык милдетти татыктуу аткарып, алардын кызмат учурунда үй-бүлө жүгүн тартып, уул-кыздарды татыктуу тарбиялоого кошкон салымдары үчүн берилет», - деди ШИИБ башчысы.

Мамасейитов белгилегендей, милициянын жубайы болуу жеӊил эмес, күндүр-түндүр өтөгөн кызмат, түнкү нөөмөттөр, чукул кызматтык сапарлардын баары үй-бүлө мамилелерине таасир этип, бардык эле жубайлар туруштук бере алышпайт. Мына ошондуктан милиция жубайларына жөлөк болуп, кыйынчылыктарды кошо тарткан жубайлары үчүн ушул медаль чыгарылган.

Пикир

Оставить комментарий