• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында милиция өзгөчө оор кылмыштын бетин ачты

Коом 0

Бишкек, 03.08.22. /Кабар/. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 28-январь күнү Ош шаарынын таштанды таштоочу жайынан киши колдуу каза болгон жарандын сөөгү табылган.

Бул кылмышка шектүү катары Ош ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан Бишкек шаарынан мурда жасаган өзгөчө оор кылмышы үчүн издөөдө жүргөн Өзгөн районунун тургуну 1985-жылы туулган М.Т. кармалды.

"Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алгачкы тергөө иштеринин жүрүшүндө ал жасаган кылмышын моюнуна алып, окуядан соӊ каза болгон маркумду 2 жолу бычактап, изин жашырып кеткендигин билдирди. Өз ара жаӊжал үч бөтөлкө аракты ичип бүткөн соӊ чыккан", - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, маркум менен шектүү өз ара тааныш болушкан. Окуя боюгондон кийин шектүү тез арада Ош шаарынан качып чыгып, Өзгөн районунун, Бишкек, Жалал-Абад шаарларынын аймактарында, Суусамыр өрөөнүндө изин жашырып жүргөн.

Учурда Ош шаардык тергөө кызматы тарабынан бул өзгөчө оор кылмыш боюнча тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий