• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаарында милициянын бардык бөлүмдөрүндө ишембилик өттү

Аймак 0

Бишкек, 16.04.22. /Кабар/. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын бардык бөлүмдөрү менен кызматтарында ишембилик болуп өттү. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицитя кызматкерлери өздөрү кызмат өтөшкөн имараттардын айлана-чөйрөлөрүн тазалашты. Эскирип калган сырлар көчүрүлүп, сырдалды.

Айрым бөлүмчөлөр кооздук үчүн гүлдөрдүн жаӊы көчөттөрүн отургузушту. Башкармалыктын жетекчилиги тарабынан бул иш чараны аткаруу да сапатка көнүл буру зарылдыгы эскертилген. Ошондуктан белгиленген тапшырмалар аткарылган соӊ дагы анын сапаты текшерилип, кошумча көрсөтмөлөр берилип жатты.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы ишембиликтерди өткөрүүнү салтка айлантып алышкан. Шаардык жетекчиликтин жана башкармалыктын жетекчилигинин буйругуна ылайык, мындай иш-чаралар ар дайым ишемби өткөрүлүп турат.

Пикир

Оставить комментарий