• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош шаарында милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн бош орундарына сынак өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 17.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 15-июль күнү Ош шаарындагы № 42 “Керме Тоо” мектеп лицейинде Ош ШИИБы боюнча МКК бөлүмүнүн 25 бош ордуна тест тапшырууга 104 талапкер жолдомо алып, 88 талапкер келип катышкан жана анын ичинен 70 талапкер ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 21-22-июль күндөрү Ош шаардык ИИБ боюнча МКК бөлүмүнүн конкурстук сынагынын 3-турунун 127 талапкери дене тарбия боюнча сынакка катышуу үчүн жанына өздүгүн тактоочу документин (паспорт, кызматтык, айдоочулук күбөлүк) алып, Ош шаарындагы А.Суюмбаев атындагы борбордук стадионго келип, күч сынашат. Дареги: Ош шаары, Супаналиев көчөсү 1а (мурунку К.Маркс көчөсү)”,-деп айтылат маалыматта.

2020-жылдын март айынан тарта Ош ШИИБы боюнча милициянын кайгуул кызматы бөлүмүн түзүү менен 219 бош орунга ачык сынак башталган. Буга чейинки сынактарга 800дөн ашык талапкер катышып, билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору өткөргөн тесттен, КР ИИМдин КББы өздүк курам менен кесиптик даярдык жүргүзүү башкармалыгы жана Ош ШИИБы боюнча МККБнын кызматтык бош орундарга тандоо жүргүзүү боюнча комиссиясы менен биргеликте дене тарбия боюнча нормативдерди тапшырып, анан маектешүүдөн өткөн.

Буга чейинки сынактардан 194 талапкер өтүп, учурда Ош шаарынын аймагында коомдук коопсуздук жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат өтөшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий