• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ош шаарында Милициянын кайгуул кызматына кабыл алуу жүрүүдө. Талаптар

Коом 0

Бишкек, 23.09.20. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын буйругу менен 2020-жылдын 17-сентябрь күнүнөн баштап 90 штаттык бирдикке кызматкерлерди алуу боюнча сынактын экинчи туру өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарында Милициянын кайгуул кызматына иштейм деген 29 жаран арыз тапшырган. Анын тогузу ички иштер органдарынын кызматкерлери, 20сы катардагы жарандар.

Арыздарды жана билдирмелерди кабыл алуу 17-октябрга чейин уланат. Ал үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

- Арыз;

- паспорт жана туулгандыгы жөнүндөгү күбөлүк;

- аскердик билет;

- эмгек күбөлүгү;

- тиешелүү билимин тастыктаган документ;

- балдарынын туулгандыгы жөнүндө күбөлүк (эгер бар болсо), никеси бар тууралуу күбөлүк (никеге турган болсо);

- өмүр баян;

- 2 нускамада (колго жазылган жана электрондук түрдө);

- автобиографиялык реферат;

- анкета;

- иш ордунан, окуу жайынан же жашаган жеринен мүнөздөмө;

- пикирлер, сунуштама;

- жашаган жеринен жана үй-бүлө мүчөлөрү тууралуу тактама;

- сүрөт 9x12 (1), 3x4 (4).

Сынакка катышуу үчүн документтерди тапшыруудан мурда бардык талапкерлер кызмат орундары боюнча кызматка даярдыгын тастыктаган аскердик-дарыгердик комиссиядан күбөлөндүрмөдөн өтүүлөрү зарыл.

Эскерте кетсек, буга чейин Милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнө 497 талапкер арыздарын таштаса, анын ичинен 233 милиционер, 264 жөнөкөй жарандар болушат.

Биринчи турда 129 талапкер ийгиликтүү өткөн (59 милиция кызматкери, 70 жарандар). 1-турду ийгиликтүү өткөндөр 1-сентябрдан баштап ИИМдин Республикалык окуу борборунда 3 айлык курстук окуудан өтүшүүдө.

Окуу программасы өзүнө кылмыш-жазык укугун, психологияны, куралдан атуу жана физикалык даярдыктарды, жол кыймылынын эрежелерин жана жол кыймылын кол менен жөнгө салууну үйрөтүүнү камтыйт. Окууну аяктаганда экзамендерди тапшырып, сертификаттарды алышат. Бул кызматкерлер Ош шаарында 2020-жылдын декабрь айынан баштап иштей баштайт.

Пикир

Оставить комментарий