• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаарында Милициянын кайгуул кызматына талапкерлерди тандап алуунун үчүнчү этабы өтүүдө - Ибраимов

Коом 0

Бишкек, 21.08.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Ош шаарында Милициянын кайгуул кызматына талапкерлерди тандап алуунун үчүнчү этабы өтүүдө. Бул тууралуу Жол коопсуздугу боюнча ички иштер органдарынын бөлүмчөлөрүн реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимов брифингде билдирди.

Анын айтымында, былтыр Бишкек шаарында Милициянын кайгуул кызматын түзүү боюнча пилоттук долбоор ишке кирген.

“Бүгүнкү күндө Бишкекте түзүлгөн кайгуул кызматынын ишинин жыйынтыктарын көрүп жатабыз. Бул долбоорду улантуу максатында Ош шаарында да аталган кызматты түзүү боюнча конкурс өткөрүүдөбүз. Тандоо критерийлери Бишкекте кандай болсо, Ошто дагы ошол бойдон сакталып калды. Бардык талапкерлер сабаттуулукту текшере турган тесттен өтүшөт, андан кийин алардын физикалык жөндөмдүүлүгү каралат. Үчүнчү этап – баарлашуу. Ошто 17-18-август күндөрү талапкерлер физикалык жөндөмдүүлүктү текшерүү боюнча сынактан өтүштү. Учурда баарлашуу этабы жүрүп жатат”, - дейт ал.

Ибраимов конкурс ачык-айкын өтүп жатканын белгилеп кетти. “Кайгуул кызматына өтүү конкурсунун бардык 3 этабын өткөн талапкер үч айлык окуудан өтүшөт. Окуу аяктаганда экзаменди ийгиликтүү тапшырган талапкерлер менен келишим түзүлөт”, - деди жумушчу топтун жетекчиси.

Ибраимов кошумчалагандай, башында 497 талапкер болсо, учурда 159 адам болууда. Баарлашуудан кийин да талапкерлердин саны азаят.

Пикир

Оставить комментарий