• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ош шаарында мугалимдердин август конференциясы онлайн режиминде өттү

Аймак 0

Бишкек, 27.08.20. /Кабар/. Бүгүн, 27-августта шаардын билим берүү мекемелеринин педагогикалык кызматкерлеринин август конференциясы онлайн режиминде өттү.

Конференцияга Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, КР Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчилиги, шаардагы бардык мектептердин жана бала бакчалардын директорлору, мугалимдер жана окуучулар катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы кабарлайт.

Шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов куттуктоо сөзүндө билим берүү тармагынын бардык өкүлдөрүн келе жаткан майрамдары - Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү жана Билим күнү менен куттуктап, жалпы билим берүү кызматкерлерин билим берүү тутумун өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууга жана бул жаатта жаңы багыттарды киргизүүгө колдоо көрсөтүүгө чакырды.

Ошондой эле Таалайбек Сарыбашов республикалык олимпиадалардын жана ЖРТнын жыйынтыгына системалуу анализ жүргүзүп, окуучулары билим берүү процессинде бир топ ийгиликтерге жетишип, жетишкендиктерин өркүндөтүүгө умтулган мугалимдерди белгилөө зарылдыгын кошумчалады.

Онлайн конференция учурунда билим берүү тармагына эмгек сиңирген кызматкерлер, мектеп жетекчилери, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызматкерлери сөз сүйлөштү.

Ошондой эле конференциянын жыйынтыгы боюнча тиешелүү резолюция кабыл алынып, анда негизги милдеттер белгиленди:

- шаардын билим берүү тармагын өнүктүрүүнүн, анын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуунун, заманбап шарттарда билим берүү чөйрөсүнүн иштешинин натыйжалуулугунун негизги багыттарын камсыз кылуу жана 2020/2021-окуу жылына карата шаардын билим берүү тармагын, билим берүү саясатынын негизги артыкчылыктарын талкуулоо.

Пикир

Оставить комментарий