• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында муктаж болгон 58 миң үй-бүлөгө гумжардам көрсөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 11.05.20. /Кабар/. Ош шаарында муктаж болгон 58 миң үй-бүлөгө гумжардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу брифингде Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов билдирди.

Анын айтымында, жардамдар мамлекет, демилгелүү топ жана ишкерлер тарабынан көрсөтүлдү.

"Бүгүнкү күндө калктын аярлуу катмары болгон 58 миң үй-бүлөгө гумжардам берилди. Жарандарыбызга көрсөтүлгөн жардамдар мындан ары да улана берет. Алсак, учурда 5 миңге жакын азык-түлүк баштыкчасы даярдалып жатат", - деп белгиледи шаар мэри.

Пикир

Оставить комментарий