• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаарында мыйзамсыз курулуштар алынууда (Сүрөт)

Аймак 0

Бишкек, 03.03.18. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясынын 19-февралында көчө бойлорунда жана турак-жайлардын айланасында жайгашкан соода түйүшдөрүнүн (павильон, киоск ж.б) мыйзамдуулугун текшерүү бюнча №21-б буйругу чыккан.

Мэриядан кабарлашкандай, анын алкагында Ош шаарынын мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнөн, КРнын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясынын Ош шаардык регионалдык башкармалыгынан, Ош регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан, Райондук электр тармактар ишканасынан, Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын тийиштүү бөлүмдөрүнөн атайын комиссиялык топ түзүлгөн.

1-мартта Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичи райондорундагы көчөлөрдүн боюнда көп кабаттуу үйлөрдүн айланасында жана тратуратларда жайгашкан жеңил типтеги мыйзамсыз соода түйүндөрүн алуу боюнча атайын рейд болду. Ага тийиштүү кызматтардан түзүлгөн атайын комиссиялык топ барып, күркөлөрдүн эскилиги жетип, шаардын көркүн бузуп, ошондой эле, өрт коопсуздугун сактабаган, жашыл зооналар сакталбаган унаа тыгындарын пайда кылып жаткан дүкөндөрдүн ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ушул күнгө чейин уруксат кагазын албаган, өз билемдик менен туура эмес жерлерди ээлеп алган айрым соода түйүндөр алынды.

Белгилей кетсек, мыйзамсыз соода түйүндөрүн алуу боюнча Ош шаарынын баардык кичи райондорунда жыл бою рейд жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий