• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында "Мыкты мугалим" сынагынын баш байгесине эки бөлмөлүү батир коюлду

Коом 0

Бишкек. 29.05.19 /Кабар/. Ош шаарында өтө турган “Мыкты мугалим” сынагынын баш байгесине эки бөлмөлүү батир коюлду. Буга Ошто иш алып барган курулуш компаниялардын бири демөөрчүлүк кылып жатканын “ИДАР Медиа” компаниясынын жетекчиси Тургунбай Алдакулов билдирди.

Сынактык башкы максаты – Ош шаарындагы мектеп мугалимдерин моралдык жана материалдык жактан колдоо болуп саналат.

Сынакка Ош шаарындагы жалпы негизги жана жалпы орто билим берүүчү мекемелерде иштеген шаарда турак жайы жок, үч жана андан көп баласы бар мугалимдер катыша алат.

Аталган сынак үч баскычтан турат.

14-майдан 31-майга чейин талапкерлерди кабыл алуу жүргүзүлөт.

9-сентябрдан 20-сентябрга чейин тандалып алынган мугалимдер “Ачык сабак”өтүшөт.

Финалдык тур болуп, 4-октябрда калыстар тарабынан жеңүүчүлөр тандалат.

Сынакта мугалимдердин автордук макала, китептери, ийгиликтери каралып, турмуш шарты оор мугалимдерге артыкчылык берилет.

Пикир

Оставить комментарий