• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаарында “Нооруз-2021” элдик майрамы борбордук аянтта белгиленет

Аймак 0

Бишкек, 19.03.21. /Кабар/. Ош шаарында 21-март “Нооруз-2021” элдик майрамы борбордук аянтта чоң салтанат менен белгиленет. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, майрамдык иш-чара саат 10:00дө эстрада жылдыздарынын, Ош шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын чыгармачыл топторунун катышуусундагы концерттик программа менен башталып, Нооруз майрамына арналган театралдаштырылган көрүнүштөр менен коштолот.

Мындан тышкары, “Кыргыз элинин каада-салтын көрсөтүү” конкурсу, боз үй тигүү жарышы, Аш фестивалы, Кыргыз уллуттук спорттук оюндары боюнча мелдештер уюштурулат.

Пикир

Оставить комментарий