• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 21.03.21. /Кабар/. Бүгүн, 21-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында "Нооруз-2021" элдик майрамы жогорку деңгээлде белгиленди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, дипломаттык корпустардын өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, шаар тургундары жана коноктору катышты.

Шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов Нооруз майрамы элдин жүрөгүнөн орун алган, өзгөчө майрам экенин белгиледи.

"Нооруз аруулуктун, тазалыктын майрамы. Элдер жыл тогошоор маалды чыдамсыздык менен күтүп, молчулуктун жана токчулуктун жылы болсун деген ниетте майрамдашып келген. Өткөн жыл кыргызстандыктар үчүн гана эмес, дүйнө жүзүн оор болду. Кыйын кырдаалда бир муштумга биригип, бири бирибизге жардам берип, ынтымак менен жеңип чыктык. Жардам берген ар бир жаранга терең ыраазычылык билдирем. Ар бир үйдө майрам, той-тамаша гана болсун деп тилейм. Түшүмүбүз мол болуп, ар бир үйгө жакшылыктарды каалайм", - деди Т.Сарыбашов.

Борбордук аянттагы майрамдык иш-чара Ош шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгы тарабынан уюштурулган концерттик программа менен уланып, театрлаштырылган көрүнүштөр менен коштолду.

Пикир

Оставить комментарий