• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарында Ноорузга карата бир катар иш-чаралар өтөт — программа

Аймак 0

Бишкек, 17.03.23. /Кабар/. Ош шаарында Нооруз майрамына карата 21-мартта бир катар иш-чаралар өтөт.

Шаардык мэриядан кабарлашкандай, майрам күнү саат 09:30 борбордук аянттын батыш тарабында сүмөлөк жасоо фестивалы өтөт. Ал эми саат 10:30да борбордук аянтта “Нооруз - 2023” салтанаттуу иш-чарасы башталат.

Ошондой эле, шаар тургундары саат 12:00дө кол өнөрчүлөр көргөзмөсүнө келишке болот, ал борбордук аянттын чыгыш тарабында өтөт. Андан тышкары, саат 14:00дөн 16:00гө чейин президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кубогу үчүн “Мен көчмөндүн урпагымын” аттуу көк бөрү оюну боюнча мелдештин финалы өтмөкчү.

Кечки саат 19:00-20:00 аралыгында Алымбек Датка эс алуу багында “Нооруз - 2023” элдик майрамга карата кечки маданий иш-чара тартууланат.

Пикир

Оставить комментарий