• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаарында окуучулар үчүн ачык эшик күнү өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 12.09.19. /Кабар/. КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгында мектеп окуучулар үчүн ачык эшик күнү өткөрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун буйругунун негизинде кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча бир айлык жарыяланып, ошонун алкагында иш-чара өткөрүлүүдө.

Аталган иш-чаранын максаты табигый жана техногендик өзгөчө кырдаалдардан коргонуунун жүрүм-турум эрежелерин калк арасында кеңири жайылтуу, кырсыктардын тобокелин азайтуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий