• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарында оор жүк ташуучу унаа айдоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 18.08.21. /Кабар/. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча Милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн техникалык көзөмөлдөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери жол унаа кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында Ош - Бишкек унаа жолунда каттоодон өткөн такси кызматын көрсөткөн жана оор жук ташуучу автоунаалардын айдоочулары менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Ош ШИИБи боюнча МККБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда ар бир айдоочу сапарга чыгуу алдында автоунаасынын техникалык абалын текшерүүдөн өткөрүп, өз убагында эс алып жана ылдамдыкты ашырбоолору боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин так сактап, адам өлүмүнө себепкер болбоосун эсине салган эскертме баракчалары таркатылууда.

Пикир

Оставить комментарий