• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаарында прокуратура кызматкерлеринин күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 22.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 22-ноябрда, Ош шаарында прокуратура кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага вице-мэр Сонунбек Жунусбаев, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков катышып, кесип ээлерин майрамы менен куттукташты.

Өлкөдө мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөп, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө бул органдын орду чоң экени айтылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө бул тармакта үзүрлүү эмгектенип келген бир катар кызматкерлерге Ош шаарынын мэриясынын жана кеңешинин Ардак грамоталары тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий