• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош шаарында прокуратура кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 20.11.19. /Кабар/. Бүгүн, 20-ноябрь күнү Ош шаарында КРнын прокуратура кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата сыйлоо аземи болуп өттү, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, вице-мэри Асылбек Топчубаев, бөлүм башчылар жана прокуратура кызматкерлери катышты.

Жыйында вице-мэр Асылбек Топчубаев адилеттүүлүк үчүн, эл үчүн кылып жаткан кызматтарын белгилеп, куттуктоо сөзүн айтты.

“Түйшүктүү жумушуңуздардын акыбети кайта берсин. Майрамыңыздар менен! Дагы да болсо жеке кызыкчылык үчүн эмес, эл үчүн эмгек кылып жүрө бериңиздер”, - деди А.Топчубаев.

Жыйындын жүрүшүндө Ош шаарында мыйзамдуулукту сактоону камсыз кылууга, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин коргоого кошкон барандуу салымы жана ак ниет эмгеги үчүн КРнын прокуратура кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата Ош шаарынын прокуратурасынын, башкы прокуратуранын шаардагы бөлүмүнүн бир катар кызматкерлери Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктары менен сыйланды.

Ошондой эле сыйлоо аземине Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы М.Боронов, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери катышып, куттуктоосун билдиришти.

Белгилей кетсек, 22-ноябрь жыл сайын КРнын прокуратура кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленип келет.

Пикир

Оставить комментарий