• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарында өрттүн кесепетинен аял киши каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 01.05.20. /Кабар/. Сутка ичинде республиканын аймагында 1 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Кара-Суу көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батиринин 20 чарчы метр бөлмөсү күйгөн.

Өрттүн кесепетинен үй ээси 1949-жылы туулган аял киши каза болгон. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий