• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында салык чогултуу иштери күчөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 12.08.20. /Кабар/. Бүгүн, 12-август күнү Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Туруевдин катышуусунда жергиликтүү бюджетти толтуруу боюнча жыйын болуп өттү. Ага салык кызматынын эмгек жамааты жана муницинпалдык аймактык башкармалыктарынын жетекчилери катышты, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Билдирүүгө ылайык, жыйындын алкагында Ош шаарынын биринчи вице-мэри жергиликтүү бюджеттин планын толтуруу максатында бир катар тапшырмаларды берген. Ошондой эле МАБдын башчыларын салык кызматкерлери менен биргеликте аймактарды кыдырууну тапшырган.

“Жергиликтүү бюджеттин 7 айга коюлган планы 82 пайызга гана аткарылды. Жыл аягына чейин планды толтуруу үчүн жер-жерлерде түшүндүрүү иштери менен күчөтүлгөн тартипте салык чогултуу иштерин жүргүзүшүбүз керек. 617 млн сом акча каражатын топтоо тапшырмасы берилген, бирок кырдаалда киргизилген чектөөлөргө байланыштуу планды 100% аткарууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Учурда муниципалдык аймакты башкармалыктын кызматкерлери, салык кызматынын адистери менен биргеликте жеринде иш алып барып, үймө-үй кыдыруу жолу менен салыкты топтоо тапшырмасы берилди”, - деди С.Турдуев.

Белгилей кетсек, 1-сентябрга чейин Ош шаарында күчөтүлгөн тартипте жер, мүлк жана транспорт салыгын чогултуу иштери жүрмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий