• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында санитардык нормаларды сактабаган эки курулуш компаниянын иши токтотулду

Аймак 0

Бишкек, 15.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 15-майда Ош шаарында уруксат берилген тармактарда санитардык-гигиеналык нормалардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча рейд өтүп, шаар мэри Таалайбек Сарыбашов өзү текшерип чыкты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, калаа башчысы алгач шаардык салык кызматынын иши менен таанышып, салык кызматына келген жарандар менен пикир алышты.

Андан кийин карантиндик-санитардык постторго, жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Мэр автоунаа тетиктерин саткан базар, азык-түлүк жана курулуш материалдарын саткан базарларга да барып, санитардык абалдарды так сактоого чакырды.

Рейддин жыйынтыгында күтүүсүз көп кабаттуу үйдүн курулуш иштери менен таанышып, санитардык жана курулуш нормаларын сактабаган эки курулуш компаниянын иши убактылуу токтотулду. Көп кабаттуу үйдү куруп жаткан жумушчулардын айрымдары беткапсыз иштеп, курулуш нормалары да сакталган эмес.

“Рейд өткөрүүдөн максат санитардык талаптарды аткарууга чакыруу. Коронавирус илдети Ош шаарында да көбөйүп жатат. Жугуштуу ооруну жайылтпоо үчүн санитардык нормаларды так сакташыбыз керек. Ош шаарында карантин жарыяланган. Башка райондордон себепсиз Ош шаарына келбеш керек. Биз ар бир тармакты көзөмөлдөп турабыз. Талаптарды аткарбагандарга мыйзам чегинде чара көрүлөт”, - деди шаар мэри.

Эске сала кетсек, Ош шаарында 11-майдан тарта өзгөчө абал алынып, карантин жарыяланган. 1-майда жана 11-майда бир канча тармакка ишин улантууга уруксат берилген.

Шаар аймагында 8 карантиндик-санитардык пост, шаар ичинде көчүп иштөөчү жыйырмадан ашык пост ишин жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий