• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында санитардык талаптарды аткарбаган 20га жакын ишкана жабылды

Аймак 0

Бишкек, 20.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Ош шаарында санитардык талаптарды аткарбаган 20га жакын ишкана жабылды. Бул тууралуу Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев брифингде билдирди.

Анын айтымында, шаарда 65 кызматкерден турган 7 мобилдик топ түзүлгөн.

"Аталган мобилдик топтор 1 миң 31 объектини текшерип, 64 объектке айыппул салган. Ал 130 миң 500 сомду түздү. Ошондой эле санитардык талаптарды аткарбаган 20га жакын ишкана ишин убактылуу токтотту", - дейт Турдуев.

Эскерте кетсек, 11-майдан тарта Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин киргизилген. Санитардык-карантик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштей берет. Бир облустан экинчисине өтүү боюнча киргизилген чектөө күчүндө калат, көзөмөл күчөтүлөт.

Кыргызстанда 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими сакталууда.

Пикир

Оставить комментарий