• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарында санитардык талаптарды аткарбаган объектилерге жалпы суммасы 453,5 миң сомго айыппул салынды

Аймак 0

Бишкек, 16.06.20. /Кабар/. Ош шаарында санитардык талаптарды аткарбаган объектилерге жалпы суммасы 453,5 миң сомго айыппул салынды. Бул тууралуу Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев билдирди.

Анын айтымында, шаарда 7 мобилдик топ мекеме-уюмдардын ишмердүүлүгүн текшерүүдө.

"Текшерүүнүн жыйынтыгында 1 миң 233 объектке жалпы суммасы 453 миң 500 сомго айыппул салынды. Эскертүүлөргө баш ийбеген ишканалар убактылуу жабылат", - деди Турдуев.

Пикир

Оставить комментарий