• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарында сентябрь айында эки бала бакча колдонууга берилет

Аймак 0

Бишкек, 22-июнь /Кабар/. Бүгүн, 22- июнь күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Сулайман-Тоо аймактык кеңешинде жайгашкан №16 “Акылай” балдар бакчасынын 75 орундуу кошумча имаратынын курулуш иштеринен кабар алды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев Ош шаарында үч жылдын аралыгында 6 бала бакча толугу менен бүтүп, колдонууга берилгенин айтып, быйыл 2 бала бакча сентябрь айында шаардыктарга тапшырыла тургандыгын билдирди. Алардын бири №16 “Акылай” балдар бакчасы болсо, экинчи Курманжан Датка аймактык кеңешиндеги Дача аймагында жайгашкан деп кошумчалады.

Айта кетсек, №16 “Акылай” балдар бакчасынын 75 орундуу кошумча имаратынын сметалык баасы 24 млн, ал эми тендердик баасы 14,1 млн сомду түзөт. Курулуш иштерин “Кух-и-Лал” ЖЧКсы жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий