• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында шахмат боюнча 3 облустун мыктылары аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 27.12.19. /Кабар/. Ош шаарында шахмат боюнча облустар аралык мелдеш болуп өттү.

Мелдеш 19-21-декабрда өтүп, спортчулар өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кубогу үчүн күч сынашты.

Шахмат боюнча таймашка Ош, Жалал-Абад, Баткен облусу жана Ош шаарынан 82 спортчу катышты.

Мелдештин жыйынтыктары:

Эркектер арасында:

1-орун – Кубатбек Бектемир уулу;

2-орун – Адилет Аттокуров;

3-орун – Адахан Жораев;

Кыз-келиндер арасында:

1-орун – Перизат Омурова;

2-орун – Эркинай Шабданбекова;

3-орун – Бухадича Пазылова.

Эркек өспүрүмдөр арасында:

1-орун – Баэл Мамырайым уулу;

2-орун – Кайратбек Бектемир уулу;

3-орун – Тариель Ташмат уулу;

Кыз өспүрүмдөр арасында:

1-орун – Фатима Имарбекова;

2-орун – Нурайым Жакыпова;

3-орун – Кыздаркан Жумабай кызы;

Пикир

Оставить комментарий