• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарында социалдык коргоо жана кесиптик кошуундар кызматкерлеринин майрамы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 20.10.21. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясында 19-октябрда социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнүнө карата сыйлоо аземи болду. Ага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов катышып, куттукташты.

Вице-мэр өз сөзүндө социалдык коргоо кызматкерлеринин жумушу оор, бирок мээримдүүлүккө, сабырдуулукка үйрөткөн кызмат экенин белгиледи.

Сыйлоо аземинде ак кызматы, Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн бир катар социалдык коргоо жана кесиптик кошуундар кызматкерлерине Ош шаарынын мэриясынын, шаардык кеңештин ардак грамоталары тапшырылды.

Ошондой эле мамлекеттик, муниципалдык мекемелер жана коомдук тейлөө кызматкерлеринин профсоюзунун Ош аймактык комитетинин төрагасы Бакытбек Пазылов өз куттуктоосун айтты.

Жалпысынан Ош шаарында 25 социалдык кызматкер эмгектенет.

Пикир

Оставить комментарий