• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарында социалдык объекттердин курулушу башталды

Аймак 0

Бишкек, 04.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 4-декабрда, Ош шаарындагы Амир-Тимур муниципалдык аймактык башкармалыгында социалдык объекттердин курулушуна капсула салынды.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, ага ылайык бул аймакта үй-бүлөлүк медицина борбору, окуу борбору жана мечит курулат. Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов, Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясынын президенти Мохаммед Мады, аймактык башкармалыктын башчысы, аксакалдар жана жашоочулар катышты.

Вице-мэр өз сөзүндө шаардын кичи райондорундагы инфраструктуранын өнүгүүсүнө салым кошуп жатканы үчүн ассамблеяга ыраазычылык билдирди.

Эскерте кетсек, башталган курулуш кийинки жылдын экинчи жарымында бүткөрүлөт деп пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий