• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто Соттук-эксперттик кызматтын Түштүк башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Аймак 0

Бишкек, 22.11.22. /Кабар/. Ош шаарында Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын Түштүк башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышы болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземге Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, юстиция министри Аяз Баетов, Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын төрагасы Иманилла Кочкорбаев, укук коргоо органдарынын, сот органдарынын жетекчилери жана тургундар катышты.

Учурда кызмат экспертизанын 7 түрүн жүргүзөт: соттук курулуш-техникалык экспертиза, соттук-бухгалтердик экспертиза, баллистикалык экспертиза, автотехникалык экспертиза, лингвистикалык экспертиза, химиялык экспертиза, кол жазма экспертизасы.

Пикир

Оставить комментарий