• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаарында соттук-укуктук реформаны практикалык жүзөгө ашыруу талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 01.10.18. /Кабар/. Ош шаарында вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун төрагалыгы алдында Ош шаарынын, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын укук коргоо жана прокуратура органдарынын соттук-укуктук реформа алкагында кабыл алынган жаңы кодекстердин жана мыйзамдардын 2019-жылдын 1-январында күчүнө кирүүсүнө даярдыгы маселеси боюнча жумушчу кеңешме өттү.

Кеңешмеде Башкы прокуратуранын, Мамлекеттик бажы кызматынын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын түштүк аймактарындагы жетекчилери катышышты.

Жыйынды ачкан вице-премьер-министр Жеңиш Разаков белгилегендей, соттук-укуктук реформа алкагында кабыл алынган жаңы кодекстердин жана мыйзамдардын күчүнө кирүүсүнө чейин болгону 3 ай калды. Ал 2019-жылдын 1-январынан тарта өлкөнүн жазык тутуму олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болорун эскертти.

Анын ичинде укук колдонуу практикасынан бардыгы үчүн көнүмүш түшүнүктөгү «кылмыш ишин козгоо» институту жоюлат.

Бардык кылмыштар жана жоруктар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизилет, анын алкагында кылмыш ишинин номери автоматтык түрдө ыйгарылат.

Мындан тышкары сотко чейинки өндүрүштүн, иштер боюнча кабыл алынган чечимдердин, өкүмдөрдү аткаруунун бардык стадиялары тууралуу маалымат дагы КЖБР киргизилет.

Жаңы пробация институту киргизилет, анын алкагында соттолгондорду ресоциализация чаралары көрүлөт. Жеңиш Разаков белгилегендей, жүргүзүлгөн реформанын жүрүшүндө учурда Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин алкагында каралган укук бузууларга карата мамиле кардиналдуу түрдө өзгөрөт. 2019-жылдын 1-январынан тарта Бузуулар жөнүндө кодекс иштеп баштайт, ага ылайык бузуулар тууралуу иштер боюнча бардык чечимдер түздөн-түз аткаруу бийлиги тарабынан кабыл алынат, ал эми соттун ролу аткаруу бийлигинин органдары кабыл алган чечимдердин укуктуулугун баалоодо гана болот.

Кеңешменин жүрүшүндө кызматкерлерди жазык мыйзамдарынын новеллаларына окутуу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйындын жыйынтыгын чыгаруу менен вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баса белгилегендей, «Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков тарабынан үстүбүздөгү жылдын аягына чейин соттук-укуктук реформа алкагында кабыл алынган жаңы кодекстердин жана мыйзамдардын күчүнө кирүүсү боюнча бардык даярдык чараларын аяктоо тапшырмасы коюлган жана катышкандардан көрсөтүлгөн максаттарга жетүү үчүн толук чараларды кабыл алууну талап кылды».

Мындан тышкары, вице-премьер-министр соттук-укуктук реформа алкагында кабыл алынуучу чаралар тууралуу маселени үстүбүздөгү жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча кеңешмеде кароону тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий