• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында судьялык этика маселелери боюнча семинар өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 29-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу сот адилеттигинин Жогорку мектеби «Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү» Европа Биримдигинин долбоору менен биргеликте 2017-жылдын 29-30-майында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына судьялык этика маселелери, кесиптик этика жана деонтология боюнча семинар өткөрүүдө. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Семинардын максаты - этикалык жүрүм-турум эрежелерин колдонуу боюнча Франция жана Кыргызстандын судьяларынын ортосунда тажрыйба алмашуу.

Иш-чараны расмий түрдө КР Жогорку сотуна караштуу сот адилеттигинин Жогорку мектебинин Окуу-усулдук бөлүмүнүн башчысы Канайым Кушназарова жана Европа Биримдигинин “Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү” долбоорунун негизги эксперти Радость Тофтисова-Матерон ачышты.

Иш-чаранын тренерлери Жан-Мари Юе - отставкадагы магистрат, Франциянын магистратурасынын Жогорку кеңешинин мүчөсү жана Калыгул Салиев - Ош областык сотунун судьясы.

Семинардын ишине Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун 20 судьясы катышууда.

Пикир

Оставить комментарий