• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош шаарында сутка ичинде 2 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 02.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Ош шаарында сутка ичинде 2 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, стационарлардан сутка ичинде 2 медкызматкер айыгып чыгарылды.

“Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 364 учур катталды, алардын ичинен 254 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 1845 учур катталды. Алардын ичинен 364ү медицина кызматкери. Илдеттен 1219 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 17 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий