• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында суудан 53 жаштагы эркектин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 22.08.22. /Кабар/. Ош шаарында куткаруучулар суудан 53 жаштагы эркектин сөөгүн табышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 20-август күнү саат 19:20 чамасында 1969-жылы туулган Ж.А. аттуу эркек киши Южный каналына чөгүп кеткен.

"Кечээ, 21-августта жерине Ош шаардык куткаруу кызматынан 10 куткаруучу, Ички иштер министрлигинен 20 кызматкер жана туугандарынан 4 адам тартылып, издөө иштеринин натыйжасында саат 12:16да куткаруучулар тарабынан сөөгү табылып ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий