• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында Түрк кеңешинин жаш лидерлеринин III форуму уланууда

Аймак 0

Бишкек, 02.09.21. /Кабар/. Ош шаарында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган Түрк кеңешинин жаш лидерлеринин III форуму уланууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замир Юсупов Түрк кеңешинин жаш лидерлери менен жолукту. Жолугушууга Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан жана Кыргызстандын аймактарынан келген 50дөн ашык жаш делегаттар катышты.

Биринчи вице-мэр Замир Юсупов жаштарга инвестиция салуу, келечекке чоң багыт берүү экендигин баса белгилеп, ушундай форумдар жаштардын тажрыйба алмашуусуна жана кайсыл тармакта болбосун калыптанышына мүмүкүнчүлүк түзөт деп кошумчалады.

Форумдун максаты - региондорду өнүктүрүү жана жаштар саясатынын алкагында тажрыйба алмашуу, шаардын потенциалын өнүктүрүүгө кошумча дем берүү, түрк тилдүү элдердин ортосундагы боордоштук жана достук мамилени чыңдоо болуп саналат.

Иш-чара 31-августтан 2-сентябрга чейин улантылат. Форумдун алкагында Түрк кеңешинин өлкөлөрүндөгү активдүү жаштардын ишмердүүлүгү туурасында илимий жана практикалык конференциялар, эркин темалар боюнча жолугушуулар, тегерек столдор уюштурулууда.

Түрк кеңешинин Жаш лидерлеринин форуму 2018-жылдан бери өтүп келет.

Биринчи форум Азербайжанда, экинчи форум Казакстанда болгон. Ал эми кийинки эстафета Өзбекстанга узатылат. Форум Кыргыз Республикасынын дене-тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча агенттиги жана Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети тарабынан уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий