• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Ош шаарында Түрк кеңешинин жаш лидерлеринин III форуму өтөт

Аймак 0

Бишкек, 25.08.21. /Кабар/. Ош шаарында Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнүн 30 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралардын алкагында Түрк кеңешинин Жаш лидерлеринин үчүнчү форуму өтөт.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, форумга Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан жана Кыргызстандын аймактарынан 50дөн ашык жаш делегаттар катышат.

Форумдун максаты - региондорду өнүктүрүү жана жаштар саясатынын алкагында тажрыйба алмашуу, шаардын потенциалын өнүктүрүүгө кошумча дем берүү, түрк тилдүү элдердин ортосундагы боордоштук жана достук мамилени чыңдоо болуп саналат.

Форумдун делегаттары шаардын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүн майрамдоонун 30 жылдыгына карата уюштурулган майрамдык салтанатка катышат.

Пикир

Оставить комментарий