• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында ТҮРКСОЙ иш-чарасы жогорку деңгээлде жыйынтыкталды

Аймак 0

Бишкек, 02.12.19. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 30-ноябрында Ош шаары “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” эстафетасын Өзбекстандын Хива шаарына өткөрүп берди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын башчысы Таалайбек Сарыбашов салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө Өзбекстандын Хива шаарынын акими Собир Жуманиязовго эстафетаны тапшырган. Иш-чарага Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) Башкы катчысы Дюсен Касеинов да катышып, Ош шаары меймандос эли, майрамдык иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөргөнү менен эсте калгандыгын баса белгилеген.

Эске салсак, Ош шаары 2019-жыл үчүн "Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" деп жарыяланган. Мындай чечим былтыр 18-декабрда Түркиянын Кастамону шаарында өткөн ТҮРКСОЙдун курамындагы өлкөлөрдүн Туруктуу кеңешинин отурумунда бир добуштан кабыл алынган.

Маалымдама: Хива Өзбекстандын батыш бөлүгүндө жайгашкан. Шаарда ачык асман алдында 16-кылымдан бери тарыхый жайлар сакталып калган.

Ош шаары 2019-жылы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болсо, буга чейин бул макамды Түркстан шаарынан тышкары Кастамону (Түркия), Мары (Түркмөнстан), Шеки (Азербайжан) жана Казан (Татарстан, Орусия) шаарлары алып жүргөн.

Пикир

Оставить комментарий