• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ош шаарында төрт эм жарык дүйнөгө келди

Аймак 0

Бишкек, 16.05.22./Кабар/. Ош шаарында 2-майда төрт эм төрөлдү. Алардын экөө уул, экөө кыз. Бул тууралуу Ош облустук төрөт үйүнүн жетекчиси Асылкан Асанова билдирди.

Төрт эмди жарык дүйнөгө алып келген 32 жаштагы Замирахон Каримованын жана балдардын абалы жакшы. Ымыркайлар айына жетпей төрөлгөн.

Ымыркайлар 17-майда төрөт үйүнөн чыгарылат. Наристелер 1 кг 200 граммга чейинки салмакта төрөлгөн. Төрт эм Замирахондун үчүнчү төрөтү. Буга чейин ал эки уулду жарык дүйнөгө алып келген.

Пикир

Оставить комментарий