• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Ошто табигый жана так илимдерди тереңдетип окуткан жаңы инновациялык мектеп ачылды

Аймак 0

Бишкек, 22.10.21. /Кабар/. Ош шаарында табигый жана так илимдерди тереңдетип окуткан жаңы “Иновациялык жана лидерлик академия” аттуу жаңы инновациялык мектеп ачылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мектептин салтанаттуу ачылышына Улуу Британиянын элчиси Чарльз Гарретт, Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова жана Ош шаарынын бизнес жана жарандык секторунан келген башка коноктор катышты.

Вице-мэр жаңы заманбап технологиялар менен билим берүүгө багыт алган мектепке ийгилик каалап, окуучулардын билим деңгээлин жогорулатууга чоө салым кошот деп кошумчалады.

Мектептин директору Айжан Токтошева жогорку квалификациялуу мугалимдер иштеп, заманбап жабдуулар менен камсыздалган деп билдирди.

Жаңы билим берүү уясы 1-класстан 11-класска чейин 360 орунга ылайыкталган.

_____________________

Пикир

Оставить комментарий