• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош шаарында талапка ылайык келбеген май куюучу жай алына баштады

Аймак 0

Ош, 27.06.19. /Кабар/. Бүгүн, 27-июнда Ош шаарынын "Төлөйкөн" кичи районунда талапка ылайык келбеген май куюучу жай алына баштады. Белгилей кетсек, маалыматка ылайык, ал май куюучу жайдын ээси объектти алуу боюнча тапшырма берген.

Эскерте кетсек, кечээ Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов калаанын аймагында жайгашкан май куюучу жайлардын жетекчилери жана өкүлдөрү менен жолугушуу өткөргөн. Анда ал, май куюучу жайлардын ээлерине кайрылып, калктын коопсуздугун биринчи орунга коюуга чакырган.

Ош шаарынын аймагында орун алган 44 май куюучу жайдын кыркы текшерүүдөн өткөн. 22 май куюучу жай боюнча иш сотко жиберилген. Андан тышкары, 12 май куюучу жай боюнча документтер прокуратурага өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий