• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында талапка жооп бербеген жарнама илинүүчү такталар алынууда

Аймак 0

Ош, 20.06.19 /Кабар/. Бүгүн, Ош шаардык мэриясынын алдындагы жумушту комиссия шаардагы техникалык жана курулуш талаптарына жооп бербеген жарнама илүүчү такталарды алуу боюнча иш жүргүзүүдө.

Жумушчу комиссияга мэриянын, Мамэкотехинспекциянын, ӨКМдин жана башка тиешелүү органдардын өкүлдөрү кирген.

Жарнама тактасынын ээлерине алдын ала тиешелүү билдирүүлөр берилген. Такталарды алуу боюнча иш Масалиев көчөсүнөн башталды. Ал жерде болжол менен талапка жооп бербеген 11ге жакын жарнама тактасы бар.

Эскерте кетсек, Ош шаарында жалпысынан 255 жарнама такта катталган. Комиссиянын текшерүүсүнүн жыйынтыгында тиешелүү талаптарга жооп бербеген 40 такта аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий